03.07.2019 14:56

«Супер инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанды УКМКга суракка чакырышты

«Супер инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанды УКМКга суракка чакырышты

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси жана «Супер инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанды УКМКга суракка чакырышты. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгуль Токтакуновага таянуу менен 24.kg. жазып чыкты. 

Токтакунованын айтымында, сурак кайсы иш боюнча экени белгисиз. «Мыйзам боюнча укук коргоо органдары суракка чакыруунун себебин айтышы керек эле. Бирок бизге эч нерсе айтышкан жок. Кылычбек Султандын саат 12:00гө келүүсүн талап кылышкан, бирок мен жактоочусу катары ал убакытка бара албаганымдан, сурак саат 14.30гө жылдырылды», — деп билдирген жактоочу.  

УКМКнын маалыматы боюнча Кылычбек Султан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары чакырылган. Кайсы иш экени так айтылбайт.

2-июлда Кылычбек Султан Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу үчүн  Кой-Таштагы үйүнө барган. Ал жакта экс-президенти колдоочу элдик штаб түзүлгөн.